Экинчи катардан стрелкага карап

Котормочу: Кубан К    icon 1255

Баарына белгилүү абал: биринчиси турат экинчиси сигнал берип жатат.

Экөө тең туура кылып жатам деп ойлоп жатышат. А сиз, төмөнкү абалда эмне кылат элеңиз?

Т сыяктуу кесилиш. Жибек Жолу / Фучик.

Батыш багытында жылып жатабыз. Оңго бурулууга эки тилкеден (тең) уруксат берилген. Ортоңку катарды ээлейбиз жана оңго бурулууга аракеттенебиз. Светофордун кошумча бөлүгүндө (секциясында) оңго көрсөткөн жебеси (стрелкасы) жанды.

Биринчи автоунаа светофордун негизги жашыл белгисин (сигналын) күтүп, токтоп турат.

ЖКЭде бул жөнүндө эмне деп айтылганын карап көрөлү:

7.6. пунктунда жебелер тууралуу мындай деп айтылган: «Кыймыл светофордун жебелери тараптан көрсөтүлүүчү багыттары боюнча гана светофордун уруксат берүүчү сигналы иштетилген учурда жүзөгө ашырылат»

Бул аракеттин багытка жайылтылуусуна көңүл буруңуздар. Бул жерде анын аракети четки катарга гана жайылтылат деп айтылган эмес. Жанып турган жебе көрсөткөн багытка уруксат берет, бирок кайсыл катардан бурулууга уруксат экендиги Эрежеде баса айтылган эмес. Эгерде тийиштүү уруксат жолбелгиси болсо, жебе жанып турган учурда экинчи катардан эле эмес, үчүнчү, төртүнчү катарлардан да баштап бурулса болот.


Башкача айтканда эгерде оңго көрсөткөн жебе жанып турса жана ошондой эле оңго буруулууга уруксат берген жолбелги болсо, анда светофордун негизги жашыл белгисин күтпөй эле бурула берсе болот.

Кесилиштин мындай түзүмү жолду бошотуу максатында жасалган. Ошол үчүн урматтуу айдоочулар. Кошумча жолтыгын пайда кылбагыла. Оңго көрсөткөн жебе жанган болсо, оңго бурула бергиле.

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign