Светофордун кызыл-сары сигналында кесилишке чыгуу

Светофордун кызыл-сары сигналында кесилишке чыгуу
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Болот А    icon 1768

Шаардын тыгыз агымында, кесилиштерде, айдоочулар адатынча светофордун жашыл өчүп-күйүүчү сигналында өтүп кетеберишет, а кызыл өчпөй туруп сары жанганда жыла башташат. Бирок кээ бирлери, кесилиштерде орнотулган автоматтык камералардан, жашыл түс жанбай туруп кесилишке чыккандыгы үчүн түшкөн айып акыны колуна алышканда, алар айран калышат. Эмне үчүн мындай жагдайда таң калбаш керек экенин карап чыгалы, кесилиште ордунан качан жыла баштаса болот жана бузуучуга кандай жаза каралган.

Кесилиштин кайсыл жеринде токтоо керек?

Эстеп көрөлү, кесилиштин кайсыл жеринде токтош керек. Бул жөнүндө бизге ЖКЭнин 6.13. пункту айтып берет: «Светофордун (буга реверсивдүү светофор кирбейт) же жөнгө салуучунун тыюу салуучу сигналы берилгенде айдоочу стоп-линиясынын (5.33 белгиси) алдына, ал эми ал жокто төмөнкүчө токтоого тийиш: 

  • кесилиште - жөө адамдарга тоскоолдук кылбастан жүрүүчү бөлүктүн кесилишинин алдына 
  • башка жерлерде - кыймылына уруксат берилген транспорт каражаттарына жана жөө адамдарга тоскоолдук кылбастан, светофордун же жөнгө салуучунун алдына».

Качан ордунан жыла баштаса болот?

Кесилиште светофор иштеп жатканда качан ордунан жыла баштоо керек экендигин түшүнүү кыйын эмес: ЖКЭнин 6.2. пунктунда эки эле сигнал көрсөтүлгөн, кыймылга талашсыз, анык уруксат берүүчү жана дагы бири – шарттуу түрдө уруксат беүүчү.

Светофордун жашыл жана жашыл өчүп-күйүүчү сигналы кыймылга талашсыз, анык уруксат берет, а сары сигнал болсо, ошол сары сигнал жанганда чукул түрдө тормоздоону колдонбостон токтой албаган айдоочуларга кыймылын улантуусуна уруксат берет. Мындан сырткары, сары өчүп-күйүүчү сигнал да кыймылга уруксат берет, бирок ал, ЖКЭнин 13.3. пунктуна ылайык алдыдагы кесилиштин жөнгө салынбагандыгын айтуучу сигнал болуп саналат.

Ошентсе да бизди кызыктырып аткан башка сигнал: кесилиште кыймылдоонун башталышына уруксат берүүчү жашыл түстүн жануусунан мурун, кызыл жана сары чыракатардын айкалышы. Мында деле баары жөнөкөй: ЖКЭнин 6.2. пункту көрсөткөндөй: «кызыл жана сары сигналдардын чогуу күйүшү кыймылга тыюу салат жана жашыл сигнал күйгөнү жатканы жөнүндө маалымдайт». Башкача айтканда светофордун кызыл-сары сигналында кыймылдоо, кызылда кыймылдаганга барабар. Светофордун жашыл түсү күйгөндө гана жана дагы жашыл жанган учурда, айдоочу «кесилиштеги кыймылын аяктап жаткан транспорт каражаттарына жана бул багыттагы жүрүүчү бөлүктөн өтүп бүтө элек жөө адамдарга жол берүүгө милдеттүү» деп айтылган ЖКЭнин 13.8. пунктун эске алуу менен ордунан жылганга болот.

Кыймылдын мезглисиз башталышы кандайча жазаланат?

Биз билгендей, светофордун кызыл-сары сигналы кызыл сигналга барабар болгондон кийин, андагы кыймыл баштоо, светофордун тыюу салуучу сигналында өтүү эрежелерин бузуу катарында жазаланат. (Бузуулар жөнүндө кодекси, 123-1 берене 2-бөлүк – 3000 сом).

Бузуулардын контролдоосун КМ инспекторлору да, бузууларды автоматтык түрдө фиксациялоочу камералар да аткаруусун унутпашыбыз керек. Эгерде кызыл-сары сигналында кесилишке чыгуу фактысын КМ кызматкери аныктай турган болсо, ал айдоочуну токтотуп, айып пул жазып берет. Камера деле ошону кылат: кыймылдын башталышына жана светофордун сигналына байкоо жүргүзөт, бирок үзгүлтүксүз стоп-тилкеге карап багыт алат жана ал тилке мөөнөттөн мурда кесип өтүлсө, бузууну аныктайт да жана айып пул жазып чыгарат.

Турмуш көрсөткөндөй инспекторлор мындай бузууларга жазалоо жүргүзүшпөйт. Бирок, кесилиш багытынан сары сигналда өтүп кетүүгө умтулуп жаткан айдоочу жазалап коюшу мүмкүн.


Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign