1. Кошумча

1. Эскертүүчү белгилер

1. Кошумча

1. Эскертүүчү белгилер


КР ЖКЭ-нин расмий тексти:

Эскертүүчү белгилерди айдоочуларга коркунучтун мүнөзү жана жолдун кооптуу бөлүгүнө жакындагандыгы, аны менен жүрүү тийиштүү жагдайда чараларды көрүү керектиги жөнүндө маалымдоо үчүн колдонушат.

Эскертүүчү 1.1, 1.2, 1.5 - 1.33 белгилери калктуу конуштардан тышкары 150 - 300 м аралыкта, ал эми калктуу конуштарда – кооптуу участок башталганга чейинки 50 - 100 м аралыкта орнотулат. Зарыл болгон учурда белгилер башка аралыкта орнотулушу мүмкүн, ал бул учурда 8.1.1 табличкасында көрсөтүлөт.

1.13 жана 1.14 белгилери 8.1.1 табличкасысыз төмөн түшүү же көтөрүлүү башталаардын тике алдында орнотулушу мүмкүн, эгерде төмөн түшүүлөр жана көтөрүлүүлөр биринин артынан бири жайгашкан болсо.

1.25 белгиси жүрүүчү бөлүктө кыска мөөнөттүү иштерди жүргүзүү учурунда 8.1.1 табличкасысыз иштерди жүргүзүү жерине 10–15 м чейинки аралыгында орнотулушу мүмкүн.

1.32 белгиси тыгын пайда болгон жол участогун айланып өтүү учурунда убактылуу катары же кесилиштин алдында өзгөрүлмөлүү сүрөтү бар белгилерде колдонулат.

1.35 белгиси кесилиштин чегинде орнотулат. Эгерде татаал кесилиштерде жол белгисин кесилиштин чегинде орнотуу мүмкүн болбосо, аны кесилиштин чегине чейинки 30 метрден алыс эмес аралыкка орнотулат.

Калктуу конуштардан тышкары жерлерде 1.1, 1.2, 1.9., 1.10, 1.23 жана 1.25 белгилери кайталанышат. Экинчи белги коркунучтуу участок башталганга чейинки 50 м ден кем эмес аралыкка орнотулат. 1.23 жана 1.25 белгилери калктуу конуштарда коркунучтуу тилкенин башталышынын алдында дагы кайталанат.


Эскертүү. Р 52289-2004 КМС МАСТ боюнча эксплуатациялоодо болгон жол белгилери аларды Р 52289-2019 КМС МАСТ боюнча белгилерге белгиленген тартипте алмаштырууга чейин аракетте болушат.

Төмөнкү сандык белгилөөлөргө ээ болгон жол белгилери: 1.13, 1.14, 3.11 – 3.16, 3.24, 3.25, 4.6, 4.7, 5.15.3, 5.15.8, 5.31, 5.32, 6.2, 6.3.2, 6.9.1, 6.10.1, 6.12, 6.13, 6.14.1, 6.14.2, 7.3, 7.4, 7.21, 8.1.1 – 8.1.4, 8.2.1 – 8.2.6, 8.5.4 – 8.5.7, 8.9, аларда көрсөтүлгөн сандар реалдуу маанилерден (шарттардан, маалыматтардан ж.б.у.с) жана ушул участоктогу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо зарылдыгынан улам өзгөрүшү мүмкүн. 



icon 4122

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign