8. Кошумча

8. Табличкалар

8. Кошумча

8. Кошумча маалымат белгилери (табличкалар)



Расмий текст:

Кошумча маалымат белгилери (табличкалар) аны менен бирге колдонулган белгилердин аракеттерин такташат же чектешет, же болбосо жол кыймылынын катышуучулары үчүн башка маалыматты камтышат.

Табличкалар алар менен колдонулган белгинин тике алдына орнотулушат. 8.2.2 - 8.2.4, 8.13 табличкалары белгилер жүрүүчү бөлүктүн үстүндө, жээкте же тротуардын үстүндө жайгашкан учурда белгинин капталына орнотулат.

Жол иштери жасалган жерлерде орнотулган 1.8, 1.15, 1.16, 1.18 - 1.21, 1.33, 2.6, 3.11 - 3.16, 3.18.1 - 3.25 белгилериндеги сары фон, бул белгилер убактылуу экендигин билдиришет.

Эгерде убактылуу жол белгилеринин жана стационардык жол белгилеринин маанилери бири бирине каршы келип турган учурда, айдоочулар убактылуу белгилерди жетекчиликке алуулары керек.

Эскертүү. Р 52289-2004 КМС МАСТ боюнча эксплуатациялоодо болгон жол белгилери аларды Р 52289-2019 КМС МАСТ боюнча белгилерге белгиленген тартипте алмаштырууга чейин аракетте болушат.

Төмөнкү сандык белгилөөлөргө ээ болгон жол белгилери: 1.13, 1.14, 3.11 – 3.16, 3.24, 3.25, 4.6, 4.7, 5.15.3, 5.15.8, 5.31, 5.32, 6.2, 6.3.2, 6.9.1, 6.10.1, 6.12, 6.13, 6.14.1, 6.14.2, 7.3, 7.4, 7.21, 8.1.1 – 8.1.4, 8.2.1 – 8.2.6, 8.5.4 – 8.5.7, 8.9, аларда көрсөтүлгөн сандар реалдуу маанилерден (шарттардан, маалыматтардан ж.б.у.с) жана ушул участоктогу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо зарылдыгынан улам өзгөрүшү мүмкүн. 


Кошумча маалымат:

icon 267

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign