Айдоочулардын ишараттары жана жаңсоолору

Фото: drivenn.ru

Айдоочулардын ишараттары жана жаңсоолору
Котормочу: Болот А    icon 734


Бул макалада талкууга алынган ишараттар жана жаңсоолор ЖКЭде жазылган эмес, бирок ошол эле учурда, аларды колдонууга тыюу салынган да эмес.

Жолдо колдонулуучу ишараттарды жана жаңсоолорду бардык айдоочулар билүүсү керек. Өз убагында берилген ишарат же жаңсоо, кыймыл катышуучуларын кырсыктан сактап калуусуна себеп болгон учурлар аз эмес. Ошондуктан буларды капарга албоо туура эмес - өмүр бирөө, сак болуңуз жана татаал абалда калган айдоочуларга жардам бериңиз.


ФАРА ЖАНА БУРУЛУУ СИГНАЛДАРЫ МЕНЕН БОЛГОН ИШАРАТТАР

Тыгында же кесилиште, бир кыска алыска жарык берүү
- өтө бер.


Алыскы жарык менен бир нече кыска ирмөө (адатта, 2-3 жолу)
- ыладмдыкты азайтуу керек, анткени алды жакта коркунуч же маичилер бар;
- түнүчүндө болсо, алсыкы жарыкты өчүрүү керек (жакынкы-алыскы жарыкты алмак-салмак ирмөө).


Аркадан алыскы жарык менен бир нече ирмөө

- жол бер.



Авариялык жарык сигнализациясын бир нече ирмөө
- ыраазычылык белгиси (Рахмат), эгер сиз жол берген болсоңуз.
- кечирим белгиси, эгер аракетиңз менен кимдир-бирөөгө атайлабастан ыңгайсыздык жараткан болсоңуз.

Авариялык жарык сигнализациясы менен узака чейин ирмөө
- сиздин алыскы жарыгыңыз жанып, алдыңызда бара жаткан унаага жолтоо болуп жатат.



Оңго бурулуу жарык көрсөткүчүн жандыруу

- Алдыда жол ачык, озуп өтсө болот.

(Эске алыңыз, бул ишарат, алдыда оңго бурулуш жок болсо гана иштейт. Себеби бурулгучун жандырган сапарман, бурулууну көздөп жаткан болушу мүмкүн.)


Солго бурулуу жарык көрсөткүчүн жандыруу
- озуп өтүүгө, болбойт! Алдыда коркунуч бар.



Тормозду кыска-кыска басуу (үзүлмө стоп-сигнал берүү)
- аралыкты сакта



КОЛ МЕНЕН ЖАҢСООЛОР


Кол айлананы сүрөттөп, төмөн жакты көрсөткөнү
- дөңгөлөктөдүн биринен жел чыгып кеткен


Жанып-өчкөн чыракты окшоштурган жаңсоо
- сиз фараларды жандырууңуз керек


Алаканды жогорудан ылдыйга карай жайбаракат кыймылдатуу
- Шашпа, бир аз ылдамдыгыңды азайт


Колду көтөрүү
- ыраазычылык


Жүк ташуучу унаанын айдоочусуна муштумду түйүп, баш бармакты сөөмөй менен ортоңдун арасынан чыгаруу
- Кошмоктолгон дөңгөлөктүн арасына таш тыгылган


Кол менен автоунаанын эшигин көрсөтүү
- эшиктердин бирөөсү жакшы жабылбай калган, же эшиктин арасына бир нерсе кыпчылып калган (мисалы, коопсуздук куру).


Абага алакан чабуу
- багажник ачылып калган

Тилеке каршы, сапармандардын жашоосунан келип чыккан жолдун сыпайкерчилик тилин, бардык эле айдоочулар түшүнө бербейт. Жолдогу адептүүлүк эрежелерин баары эле карманууну каалабайт. Келгиле жолдо сылык-сыпаа болуп, жол кыймыл эрежесин сактоону гана эмес, «фаралардын тилин» да түшүнүүгө аракет кылалы!

Таблица

Тэги:

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign