Айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу жана жоголгондордун ордуна берүү тартиби

Айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу жана жоголгондордун ордуна берүү тартиби
Автор: JOLDO.kg    icon 6086


Мурда берилген айдоочулук күбөлүктүн ордуна Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүгүн берүү төмөнкү учурларда сынак тапшырбастан жүргүзүлөт:

  • айдоочулук күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү бүткөндө;
  • айдоочулук күбөлүктө камтылган анын ээсинин жеке маалыматтары өзгөрсө;
  • эгер айдоочулук күбөлүк эскирүүнүн, бузулуунун натыйжасында же башка себептер менен андан ары пайдалануу үчүн жараксыз болуп калса жана анда (же анын бир бөлүгүндө) көрсөтүлгөн маалыматтарды визуалдуу аныктоого мүмкүн болбой калса;
  • айдоочулук күбөлүк жоголгондо.

Мурда берилген Кыргыз Республикасынын улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүгүнүн ордуна Кыргыз Республикасынын улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүгүн берүү үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди берет:

- архивдик иш, калкты жана автотранспорттук каражаттарды, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттин саясатын ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген форма боюнча арызды;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карт) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карт);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорт же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралгандан башка учурларда;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктай турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форма боюнча берилген медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өткөндүгүн ырастаган документти, аны берүүнүн датасы 12 айдан ашпоого тийиш;
- улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүктү (жоголгон учурда берилбейт);
- айдоочулардын курамын даярдаган окутуучу уюмдар тарабынан берилген автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстардан өткөндүгү тууралуу күбөлүктү.
- айдоочулардын курамын даярдаган окутуучу уюмдар тарабынан берилген айдоочунун өздүк карточкасы.
Таблица

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign