Жолдун тарышы

Жолдун тарышы
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Болот А    icon 668

Бул макалада биз, жолдо кездешип кала турган төмөнкү жагдайды талдап чыгабыз: эгерде алдыда 1.20.1 – 1.20.3 «жолдордун тарышы» белгиси 

же 5.15.5 «Тилкенин бүтүшү» белгиси

турган болсо, ким жолду бошотуп бериши керек.

Айта кетсек, ушундай жагдайлар, бул жерде эмне кылуу керек экендигин билбеген жаңыдан баштаган айдоочуларды, селейтип кыймылсыз абалга салып коюшу мүмкүн. А бул болсо кооптуу кырдаалды пайда кылып, жол кырсыгына да алып келиши мүмкүн.

Көпчүлүк айдоочулар, бул сыяктуу жагдайларда, четки оң жактагы тилкени, негизги жол деп эсептешет, себеби айдоочулар «оң жакты коё берүү» эрежесине жетектелиши керек дешет.

Бирок бул учурда, кызыл автоунаанын айдоочусу жол берүүсү керек.

Оңой эле, КР ЖКЭ 8.4. пунктун окуйбуз. «Башка тилкеге өтүү учурунда айдоочу жанындагы тилкеде жогорку ылдамдыкта удаа багытта бараткан транспорт каражаттарына жол берүүгө тийиш».

Мындан төмөнкүдөй корутунду чыгарса болот: демек, тилкеден багытын өзгөртпөстөн кыймылдап бара жаткан транспорт, кошуна тилкеден катарын котормокчу болгон кыймылдап бара жаткан автоунаалардан артыкчылыкта турат.

Бул деген, жолдун тарайган жеринде, кыймыл тилкеси тарайып бара жаткан айдоочу жол берүүсү керек.

Ошол эле кезде, башка катарга которуу манёврын жасоодон мурда, жол кыймылынын башка катышуучуларына, ниетибизди билдирүү максатында, бурулуу сигналын жандыруу керек. 

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign