Экөөнө тең кошумча секцияда жебе күйүп турат. Кимси жол бериш керек?

Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Болот А    icon 766

Жагдай: Кызыл автоунаанын айдоочусу кошумча секциянын жебеси жанып турган учурда артка кайрылып жатат. Ошол эле мезгилде көк автоунаанын айдоочусу да, жанган кошумча секциянын жебесине карап бурулуп жатат. Алардын багыттары кесилишип учурашууда.

Суроо: Ким биринчи өтүүсү керек?

Тактайбыз: Кызыл машинеге түз жана оңго көрсөткөн контурдук жебеси бар негизги жашыл жана солго көрсөткөн кошумча секциядагы жебе күйүп турат. Көк машинеге болсо негизги кызыл жана оңго көрсөткөн кошумча секция күйүп турат.

КР ЖКЭ 13.5. пункту Светофордун сары же кызыл сигналы менен бир учурда кошумча секцияда күйгөн стрелканын багыты боюнча жүрүүдө айдоочу башка багыттарда жүрүп бараткан транспорт каражаттарына жол берүүгө милдеттүү.

Кызыл унаага да көк унаага да кошумча секция жанып турат. Чечүүчү учур болуп кайсыл негизги сигнал менен бирге кошумча секциянын күйүп тургандыгында.


Тыянак: Кызыл автоунаанын айдоочусу биринчи өтөт.


Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign