Кыргызстанда мопед жана скутер расмий түрдө механикалык транспорт каражаты болуп калган өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Эми аларды башкаруу үчүн айдоочулук күбөлүк жана мамлекеттик номер керек — бирок бардык моделдер үчүн эмес: баары кыймылдаткычтын көлөмүнөн жана кубаттуулугунан көз каранды.
Эми мопедди башкаруу үчүн эмне керек
Айдоочулук күбөлүк
«А1» подкатегориясы талап кылынат, 16 жаштан баштап берилет.
Мамлекеттик номер
Сатып алгандан кийин 10 жумушчу күндүн ичинде каттоого туруу.
Эгерде сизде башка каалаган ачык категориядагы айдоочулук күбөлүгүңүз бар болсо (мисалы, жеңил унаа үчүн «В» же жүк ташуучу унаа үчүн «С»), ал автоматтык түрдө мопедди башкарууга укук берет. Өзүнчө экзамен тапшыруунун кереги жок. («Жол кыймылы жөнүндө» КР Мыйзамы, 25-берене, 2-бөлүк)
Кайсы мопеддерге номер керек, ал эми кайсынысына жок?
Сизге айдоочулук күбөлүк алуу жана транспортту каттоодон өткөрүү керекпи же жокпу, бул кыймылдаткычтын заводдук мүнөздөмөлөрүнөн гана көз каранды.
- Бензиндик кыймылдаткычтын көлөмү 50 куб. см чейин
- Же электр кыймылдаткычынын кубаттуулугу 0,25тен 4 кВт чейин
- Максималдуу ылдамдыгы — 25тен 50 км/саатка чейин
- Электр кыймылдаткычынын кубаттуулугу 0,25 кВттан ашпайт
- Максималдуу ылдамдыгы — 25 км/сааттан ашпайт
- Бул ЖАК (самокат, монодөңгөлөк) же велосипед
«Жол кыймылы жөнүндө» КР Мыйзамы, 2-берене.
Мопед, скутер жана мотоцикл: айырмасы эмнеде?
КРдин жаңы мыйзамдары боюнча эки дөңгөлөктүү транспорттун мүнөздөмөлөрүн жана эрежелерин толук талдоо.
Эреже бузгандарга кандай айып пулдар салынат?
Мопедди айдоочулук күбөлүгү жок башкаруу
Транспортту каттоонун мөөнөттөрүн бузуу
Мамлекеттик номерлери жок унаа башкаруу
Качантан баштап айып пул салына баштайт?
Милдеттүү мамлекеттик каттоо жөнүндөгү талап мыйзам расмий жарыялангандан 6 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. Бул убакыттын ичинде ээлери айдоочулук күбөлүктөрдү алууга (эгерде алар жок болсо) и өз транспортун каттоого тургузууга милдеттүү.
Күбөлүк жана номер жоктугу үчүн айып пулдар салынбайт — бул убакыт А1 категориясындагы күбөлүктү алууга жана мопедди каттоого тургузууга берилет.
Инспекторлор күбөлүк жана мамлекеттик номер жоктугу үчүн айып пулдарды сала башташат.
Өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам, 5-берене, 1-бөлүк.
Обсуждение
Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...
Войти