Өзгөчө абал деген эмне?

Өзгөчө абал деген эмне?
icon 511

Баракелде -  Кыргызстандын 3 шаарына жана 3 районуна — Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары жана Жалал-Абаддагы Сузак, Оштогу Ноокат, Кара-Суу райондоруна өзгөчө кырдаал абалын киргизүү тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыктары Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнүн бүгүн, 24-мартта өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди. 

23-мартта саат 16:00гө карата Кыргызстанда коронавирус 16 адамдан аныкталды. Алардын экөө Бишкектин, сегизи Сузактын, бешөө Ноокаттын жана бири Баткендин жашоочусу. 

22-марттан тарта Кыргызстандын бардык аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу. 

Өзгөчө абал:

Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында же болбосо анын айрым жерлеринде киргизилүүчү анын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо жана конституциялык түзүлүштү коргоо кызыкчылыктарында гана колдонулуучу жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын иштерине өзгөчө укуктук тартип киргизүүчү, жарандардын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын айрым укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле юридикалык жактардын укуктарын чектөөнү белгилөөгө жол берүүчү жана аларга кошумча милдеттерди жүктөөчү убактылуу чара. 

Аймактын коменданты:

Өзгөчө абал киргизилген жердеги аймактык комендатуранын ишин жетектөөчү жана өзгөчө абал режимин камсыз кылуучу күчтөрдү жана каражаттарды бирдиктүү башкарууну жүзөгө ашыруучу, тиешелүүлүгүнө жараша Жогорку Кеңеш жана Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан дайындалуучу кызмат адамы. 

Аймактык комендатурасы:

Өзгөчө абал киргизилген жердеги өзгөчө абал режимин камсыз кылуучу, тиешелүүлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлүүчү убактылуу атайын орган. 

Өзгөчө абалды киргизүүнүн шарттары, негиздери жана тартиби 

Кыргыз Республикасында өзгөчө абал төмөнкү кризистик кырдаалдар пайда болгондо аларды четтетүү өзгөчө чараларды колдонуусуз мүмкүн болбогондо киргизилет: 

1) биологиялык мүнөздөгү: эпидемия, эпизоотия, эпифитотия; 

2) социалдык мүнөздөгү: зомбулук жана адамдардын өмүрүнө коркунуч туудуруу менен коштолгон куралдуу козголоң, этностор аралык чыр-чатактар, массалык баш-аламандыктар, аларды бузууну кошуп алганда, республикалык маанидеги жолдорду жана стратегиялык объекттерди куралдуу басып алуу жана тосуу; 

3) табияттык-техногендик мүнөздөгү: табигый кырсыктар, кыйроолор, эгерде алар конституциялык түзүлүшкө, инсандын, коомдун өтө маанилүү таламдарына, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нормалдуу иштөө режимине түздөн-түз коркунуч келтирсе. 

Өзгөчө абалдын шартында белгилүү бир жагдайларга жараша Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары төмөндөгү өзгөчө чараларды: 

1) коомдук тартипти, стратегиялык объекттерди жана калктын жашоо-турмушун камсыз кылуучу объекттерди коргоого коргонуу жана Кыргыз Республикасынын ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бөлүктөрүн тартууну; 

2) туруктуу же убактылуу турак-жайды милдеттүү түрдө берүү менен коркунучтуу чөлкөмдөрдөн жарандарды убактылуу көчүрүүнү; 

3) жарандардын келип - кетүүсүнүн өзгөчө тартибин киргизүүнү; 

4) айрым жарандарга белгиленген мөөнөткө белгилүү бир жерди, өз батирин (үйүн) таштап кетүүгө тыюу салууну, коомдук тартипти бузушкан аймактык жашоочусу эмес, анын ичинде чет элдик да жарандарды, алар туруктуу жашаган жерден же өзгөчө абал жарыяланган жердин тышка алардын каражаттарынын эсебинен чыгарып жиберүүнү; 

5) жарандардан ок атуучу жана ок атпоочу куралдарды жана ок дарыларды, ал эми ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан окуп - үйрөнүүчү аскер техникасын, жарылуучу, радиоактивдүү заттарды жана материалдарды таасири күчтүү химиялык жана уу заттарды убактылуу алууну. 

6) чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн, демонстрацияларды жана пикеттерди, ошондой эле оюн-зоок, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салууну; 

7) ишканалардын жана уюмдардын продукция өндүрүү жана сатуу боюнча пландарына өзгөртүү киргизүүнү, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштөөсүнүн өзгөчө тартибин белгилөөнү, ошондой эле алардын чарбалык ишинин башка маселелерин чечүүнү; 

8) мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин кызматка коюуну жана бошотууну, жүйөлүү себептерден башка учурларда, жумушчулардын жана кызматчылардын өз ыктыяры менен иштен бошонуусуна тыюу салууну; 

9) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттеринин алдын алуу жана аларды коюу үчүн мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ресурстарын пайдаланууну; 

10) иш таштоолорго тыюу салууну; 

11) эмгекти коргоонун талаптары милдеттүү сакталганда ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштөө үчүн, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн эмгекке жарактуу жарандарды жана транспорт каражаттарын тартууну; 

12) курал-жарактар, таасири күчтүү химиялык жана уу заттар, ошондой эле спирт ичимдиктери жана спирттүү заттар менен соода кылууга чек коюуну же тыюу салууну; 

13) карантин киргизүүнү жана башка милдеттүү түрдөгү санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүүнү; 

14) эгерде бул каражаттар өзгөчө абал жарыяланган жерде түзүлгөн курчутууга пайдаланылса, көбөйтүүчү техниканы, ошондой эле радио жана теле берүүчү аппаратураны, аудио - жана видео техниканы пайдаланууну чектөөнү же тыюу салууну, үн күчөтүүчү техникалык каражаттарды алып коюуну, массалык маалымат каражаттарына киргизүүнү; 

15) байланышты пайдалануунун өзгөчө эрежелерин киргизүүнү; 

16) дипломатиялык кызматтардын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан башкалардын транспорт каражаттарынын анын ичинде чет элдик транспорт каражаттарынын чектөөнү жана аларды карап чыгууну; 

17) коменданттык саатты киргизүүнү; 

18) кырдаалды жайгаштырууга тоскоолдук кылган саясый партиялардын, коомдук уюмдардын, массалык кыймылдардын, жарандардын өз алдынча бирикмелеринин иш-аракеттерин токтото туруу; 

19) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган, жарандардын куралдуу конушдарын түзүүгө жана алардын иш-чаралардын тыюу салууну; 

20) көпчүлүк жарандар топтолгон жерлерде документтерди текшерүүнү, ал эми зарыл учурларда жарандарда курал бар экендигин билдирген маалымат болсо, жекече типтүүнү, буюм-тайымдарын, транспорт каражаттарын типтүүнү колдоно алышат; 

21) мыйзамдарда белгиленген тартипте ордун толтуруу менен мүлктү алууну; 

22) өсүмдүктөрдү, айбанаттарды жана башка мүлктөрдү жок кылууну; 

23) финансылык операцияларды жүргүзүүнү жөнгө салууну; 

24) жеке иш-чараларды (үйлөнүү тойлору, туулган күндөрдү жана башка салтанаттуу иш-чараларды) өткөрүүнү жөнгө салууну; 

25) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда биринчи кезектеги иштерди камсыз кылуу үчүн мамлекеттик материалдык резервди пайдаланууну. 

Өзгөчө абал мезгилинде ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери зарыл учурларда жумушчуларды жана кызматчыларды алардын макулдугусуз эле, эмгек келишиминде каралбаган жумушка бир айлык мөөнөткө чейин которууга укуктуу. 

Ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери өзгөчө абал негизинде өзүнүн бардык өндүрүштүк - кызматтык орун которууларын (барып-келүү), ошондой эле отпускага чыгуусун табигый кырсыктын, эпидемиянын, эпизоотиянын, апааттардын жоюу боюнча штабдын жетекчилери же ошол жердин менен макулдашууга милдеттүү. 

Мамлекеттик, акционердик уюмдардын жетекчилеринин шайлоочулук принциби көрсөтүлгөн мезгилде колдонулбайт.

Тэги:

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign