Күндүзү күйгүзүлгөн фаранын жакынкы жарыгы

Автор: joldo.kg    Котормочу: Болот А    icon 722

Соңку кездерде, күндүзү калктуу конуштардан тышкары жайларда жакынкы жарыкты күйгүзүп жүрүү талабы керек эмес экендиги жөнүндө кептер айтылып жүрөт. Чындап эле ушундайбы?

2020 жылдын март айында Кыргызстанда Жол кыймылынын эрежелерине бир далай өзгөртүүлөрдү киргизүү пландаштырылган эле. Жаңы ЖКЭ долбоорунда фаранын жакынкы жарыгын күндүзү күйгүзүү талабын алып салышкан. Буга байланыштуу Бузуулар жөнүндө кодексинде да өзгөртүүлөр киргизилген.

Жарык берүүчү приборлорду туура эмес колдонгондугу үчүн каралган айып жөнүндө белгиленген беренеге шартуу эскертме коюшкан: 

Бузуулар жөнүндө кодекси 123-1 берене 1 бөлүк. Тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузуу (бардык механикалык транспорт каражаттарына сутканын жарык убагында калктуу конуштардан тышкары жерлерде фаранын жандырылган жакын жарыгы менен жүрүү талаптарын кошпогондо). 

Бирок, Бузуулар жөнүндө кодекси күчүнө киргени менен, ЖКЭ жаңы долбоору, долбоор боюнча кала берди. Бүгүнкү күнгө чейин КР ЖКЭ эски редакциясы иштеп жатат. Анда калктуу конуштардан тышкары жайларда фаранын жакынкы жарыгын күйгүзүү талабы жазылган.

КР ЖКЭ 19.10. пункту. Калктуу конуштардын сыртта сутканын жарык мезгилинде бардык механикалык транспорт каражаттарда жүрүү фаранын жакынкы жарыгын күйгүзүү менен ишке ашырылууга тийиш.

Демек, КР ЖКЭ жакынкы жарыкты күйгүзүүнү талап кылат, ал эми бул үчүн айып каралган эмес.

Бирок, инспектор бул эреже бузуу үчүн айдоочуну 127-берененин 1-бөлүгү негизинде протокол түзүү менен жоопко тартууну кааласачы?

Бузуулар жөнүндө кодекси 127-берене 1-бөлүк. Ушул Кодексте эске алынгандарды кошпогондо, жол кыймылынын эрежелеринин башка талаптарын бузуу

127-берененин 1-бөлүгү айтылып жаткан эреже бузууга тиешеси жок. Себеби бул берененин таасири ушул Кодексте ЭСКЕ АЛЫНБАГАН эреже бузууларга тийиштүү. А биз билгендей, жарык берүүчү приборлорду туура эмес пайдалануу жөнүндө 123-берененин 1-бөлүгүндө жазылган.

Ошондуктан, күндүзү фаранын жакынкы жарыгын калктуу конуштан тышкары жайда күйгүзбөгөндүгүңүз үчүн, инспектор сизди айыпка тартууга кандай гана амал кылбасын – мыйзамга туура келбейт.

Бул эреже бузуу үчүн жаза каралбаган болсо дагы, бул талапты тоотпоо туура эмес. Чындыгында, фаранын жакынкы жарыгын күндүзү калктуу конуштардан тышкары жерлерде күйгүзүү, жол кыймылынын эрежелерин түзүүчүлөрүнүн жөн эле ойкуштануусу эмес. Бул жөнөкөй талап болгону менен, транспорт каражатын алыстан байкоого жана ошондой эле жол кырсыгын азайтууга жардам берет. Көпчүлүк тажрыйбалуу айдоочулар ЖКЭ талаптарына карабастан, канжолдордо фаранын жакынкы жарыгын күйгүзүп жүрүшөт.


Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign