Кесилиште ашып өтүү

Кесилиште ашып өтүү
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Болот А    icon 858

Суроо: Кесилиште башка транспорт каражатын озуп өтүүгө уруксатпы?

КР ЖКЭ "Ашып өтүү" - жүрүп бараткан бир же бир нече транспорт каражатты башка транспорт каражаттын ээлеген тилкесинен чыгуу менен, анын ичинде утурлаш тилкеге чыгуу менен кууп өтүшү.

КР ЖКЭ 11.5. пункту Озуп өтүүгө төмөнкүдөй жерлерде тыюу салынат:
  • жөнгө салынуучу кесилиштерде каршы багыттагы кыймыл тилкесине чыгуу менен жана башкы жол болуп саналбаган жолдо баратып жөнгө салынбаган кесилиште (буга айланма кыймылдагы кесилиштердеги озуп өтүү, капталдагы чиркегичи болбогон эки дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын озуп өтүү жана уруксат берилген оң тараптан озуу кирбейт);

Демек, баары кесилиштен көз каранды. 

Озуп өтүүгө бир гана жөнгө салынбаган кесилиште уруксат, ошондо дагы сиз багытын өзгөртпөгөн башкы жолдо болушуңуз шарт. 

Калган башка шарттарда кесилиште ашып өтүүгө тыюу салынат. 

Жагдайлар: 


Жөнгө салынуучу кесилиш: ОЗУП ӨТҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНАТ



Жөнгө салынбаган кесилиш (Сиз экинчи даражадагы жолдосуз): ОЗУП ӨТҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНАТ



Жөнгө салынбаган кесилиш (Сиз багытын өзгөрткөн башкы жолдосуз): ОЗУП ӨТҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНАТ



Жөнгө салынбаган кесилиш (Сиз башкы жолдосуз): ОЗУП ӨТҮҮГӨ УРУКСАТ


Маани берчү нерсе: кесилиште озуп өтүү белгилүү бир шартта уруксат болгону менен, аны өтө зарыл учурда гана аткарууга татыйт. Озуп өтүлүүчү автоунаанын айдоочусу абалды баамдабай калып, солго бурулуп жибериши мүмүкүн. Мындай абалдын натыйжасында жол кырсыгы көп кездешет. Манёврду аткарууга мүмкүн болушунча коопсузураак жайды тандоо керек.


Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign