КР ЖКЭ билеттериндеги талаш маселелер

КР ЖКЭ билеттериндеги талаш маселелер
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Байгазы Айткуул уулу    icon 4229

Бул макала акырындык менен толукталат


Билеттердеги суроолор азыркы учурда жол эрежесине ылайык келиши керек.

Убакыттын өтүшү менен Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын эрежелеринин текстине өзгөртүүлөр киргизилген, бирок айрым билеттердеги суроолор ошол эле бойдон калган.

Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын эрежелерине кайсы маселелер туура келбей турганын тактап, түшүндүрүү менен төмөндө жарыялайбыз.



Билет 1 суроо 4


Туура жооп:Б, В и Г (Бирок бул берилген варианттардын арасында эмес)
Экзаменде жооп:4. Бардыгы

Түшүндүрмө:

Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын эрежелеринен берилген белгилердин сүрөттөлүшүн окуйбуз.

КР ЖКЭ Белгиси 4.4 "Велосипед жолу" белгисин велосипеддер менен мопеддердин жүрүүсү уруксат берилген жолду, ал эми тротуар же жөө адамдар өтүүчү жол болбогон учурда - жөө адамдар өткөөлдөрүн белгилөө үчүн колдонушат.

Башка белгилер мопеддердин кыймылына тыюу салат. Демек, туура жооп "Б В жана Г" болмок. Бул белгилер гана мопеддердин кыймылына тыюу салат. Керектүү вариант тизмеде жок.



Билет 8 суроо 18


Туура жооп:4. Саналып өткөн бардык учурларда.
Экзаменде жооп:1. Жол бөлүгүнүн оң чети менен бир катарда гана

Түшүндүрмө:

Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын эрежелеринин 24-бөлүмдө:

КР ЖКЭ  пункт 24.2. Велосипеддер, мопеддер, арабалар (чаналар), минилүүчү жана көлүк малдар эң оң жактагы тилке боюнча бир катар, мүмкүн болушунча оң тарапка жакын жүрүүгө тийиш. Эгерде жөө адамдарга тоскоолдук кылбаса, жолдун чети менен жүрүүгө жол берилет.

Ал эми кийинки абзац мындай дейт:

КР ЖКЭ  пункт 24.3. Велосипеддин жана мопеддин айдоочуларына төмөнкүлөргө тыюу салынат: катар жерде велосипед жолу бар туруп жол менен жүрүүгө;

Ушундан улам, мопедде жүрүүчү бөлүктүн четинде да, жолдун четинде да жүрүүгө болот. Ал эми велосипед жолу бар болсо, анда аны менен жылыш керек.

Демек, туура жооп: 4. Саналып өткөн бардык учурларда.




Билет 11 суроо 18


Туура жооп:3. Каалагандай.
Экзаменде жооп:2. Жөнгө салынуучу гана

Түшүндүрмө

2019-жылдын күзүнөн баштап бул белги жөнгө салынуучу жана жөнгө салынбаган жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү белгилейт.

КР ЖКЭ 1.14.1 жана 1.14.2 чийиндерин жолдо жүрүү бөлүгүн жөө жүргүнчүлөр кесип өтүү үчүн бөлүнгөн жерлерди белгилөө үчүн колдонушат.

Демек, туура жооп: 3. Каалагандай. Бирок, экзамендерде 2-вариант дагы эле туура жооп болуп эсептелет



Билет 25 суроо 11

Туура жооп:Жогоруда айтылгандардын бири да жок
Экзаменде жооп:2.  Эгер жөө адам унаа өтүнүүчү бөлүккө баса баштаса 

Түшүндүрмө

Жол берүү талабы кийлигишпөө дегенди билдирет. Эгерде жөө жүрүүчү жолдун башка четинен  өтмөктү баштап, айдоочу ага тоскоолдук жаратпаса. Ошентип, айдоочу эч нерсе кылган жок. Кыргыз Республикасынын жол эрежесин бузбастан жөө жүргүнчүлөргө кантип жол берүү  керектиги тууралуу кененирээк бул жерден окуңуз.   

Ошондуктан жооп варианттары туура эмес.



Билет 10 суроо 5



Туура жооп:4. Калктуу конуштун аягына чейин

Түшүндүрмө

Бул белги канчалык деңгээлде колдонулат? Бирок муну айдоочу кайдан билет? Кыргыз Республикасынын азыркы жол кыймылынын эрежелеринде бул белгинин сүрөттөлүшүн карап көрөлү

КР ЖКЭ  3.24 "Максималдуу ылдамдыкка чек коюу" белгисин жолдун участогунда мурунку участогуна караганда башка максималдуу ылдамдыкты киргизүү зарыл болгон учурда бардык транспорт каражаттарынын белгиде көрсөтүлгөндөн жогору ылдамдыкта жүрүүсүнө тыюу салуу үчүн колдонушат.

Болду. Бул белгинин чектөөсү кайсы жерде колдонулары тууралуу Жол эрежесинде бир да сөз жок.

Бул маалыматты табуу үчүн, ГОСТ ачуу керек жана айдоочулар керек болгон толук сүрөттөлүшү жана маалымат бар.

Бирок айдоочу ГОСТ тарабынан айтылган талаптарды билиши керекпи? Жок. Бул маалымат Жол эрежесинин текстинде болушу керек. Анткени, аларды айдоочу жетектейт.



Билет 25 суроо 6



Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын эрежелери тоннелдерде унааларды басып өтүүгө тыюу салбайт.

Туура жооп:1. Тыюу салынбайт
Экзаменде жооп:2. Тыюу салынат




Билет 17 суроо 15



Түшүндүрмө

2019-жылдан тарта Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктөрү алынбай келет. Суроо эскирген жана актуалдуу эмес.



Билет 25 суроо 14


Туура жооп:2. Кармоого алып келген себеп жоюлганга чейин
Экзаменде жооп:1. Администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөнгө чейин

Түшүндүрмө

КоП КР статья 38 часть 3. Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү четтетүүнүн бардык себептери толугу менен жоюлганга чейин адамдын транспорт каражатын башкаруусуна тыюу салуу жана жол бербөө аркылуу колдонулат.




Билет 19 суроо 3


Туура жооп:1. Кыймылдын интенсивдүүлүгү
Экзаменде жооп:2. Сиздин унаа үчүн белгиленген ылдамдыктын чеги

Түшүндүрмө

КР ЖКЭ пункт 10.1. Айдоочу транспорт каражатын белгиленген чектөөдөн ашпаган ылдамдыкта айдоого тийиш, мында кыймылдын ыкчамдыгын, транспорт каражаты менен жүктүн өзгөчөлүгүн жана абалын, жол жана метеорологиялык шарттарды эске алууга тийиш. Атап айтканда, жүрүп бараткан багыттагы айлананын көрүнүшүн эске алууга тийиш. Ылдамдык айдоочуга Эрежелердин талаптарын аткаруу үчүн транспорт каражатынын кыймылына туруктуу контролдукту камсыз кылууга тийиш. Айдоочу байкай алган кыймыл үчүн коркунуч келип чыккан учурда ал транспорт каражатын дээрлик токтотууга чейин ылдамдыкты азайтуу үчүн мүмкүн болгон чараларды көрүүгө тийиш.

Бул унаалардын жыш агымында агымдын ылдамдыгынан чоң же азыраак ылдамдыкта айдоо кооптуу жана өзгөчө кырдаалга алып келиши мүмкүн дегенди билдирет. Агымдын ылдамдыгы, эреже катары, сиз үчүн ылдамдыктын чеги менен дал келбейт, демек, агымда айдап баратканда, ылдамдыкты тандоодо чечүүчү нерсе, кыймылдын интенсивдүүлүгү.




Билет 18 суроо 13


Туура жооп:Вариант - 1
Экзаменде жооп:Вариант - 3

Түшүндүрмө

КР ЖКЭ  пункт 10.5. Айдоочу алдыда жүрүп бараткан транспорт каражатына чейин анын менен сүзүшпөгүдөй дистанцияны, ошондой эле кыймылдын коопсуздугун камсыз кыла турган капталдагы зарыл интервалды сактоого тийиш.

Катуу тыгында айдап баратканда, сиз өтө аз аралыкта артта бара жаткан унааны байкасаңыз, анда газ педалынын басымын жеңилдетип, ошону менен алдыда бара жаткан унаага чейинки аралыкты көбөйтүү сунушталат. Ошентип, сиз коркунуч болгон учурда азыраак интенсивдүү тормозду колдонуу үчүн өзүңүзгө убакыт корун түзөсүз. Катуу тормоз арттан кагылышууга алып келиши мүмкүн, ал эми ылдамдыктын жогорулашы алдыдагы аралыкты азайтат.



Билет 23 суроо 10


Туура жооп: Жооп жок
Экзаменде жооп: Жок

Түшүндүрмө

Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын эрежелеринде айланма жолдорго киргенде бурулуш сигналын күйгүзүү боюнча түз көрсөтмө жок. Кээ бир учурларда рингге киргенде айдоочу түз кыймылдап, ошого жараша эч кандай маневр жасабайт

Чынында бул суроо бир топ талаштуу жана КР жол эрежесинде түз жооп жок.

Бул темадагы видеону көрүңүз "Шекектеги буруш сигналы жөнүндө"




Если у вас есть информация относительно вопросов на экзаменах в ГРС, напишите нам на почту: joldo.kg@yandex.ru






Таблица

Тэги:

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign