Теориялык сынак - эрежелер

Теориялык сынак - эрежелер
Автор: JOLDO.kg    icon 1491

Унаа мектептен кийин

Окутулганы жөнүндө күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү алты ай.

Окутулганы жөнүндө күбөлүктү алган адамдар алты айдын ичинде айдоочулук күбөлүктү алуу боюнча квалификациялык сынактарды тапшыруу үчүн ыйгарым укуктуу органга келүүгө милдеттүү. Мөөнөтүн өткөрүп жиберген учурда аталган адамдар кайра окутуу курсунан өтүүгө жана окутулганы жөнүндө күбөлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү.


Квалификациялык сынактар төмөнкү ырааттуулук менен кабыл алынат:

  1. теориялык сынак;

  2. практикалык сынак.


Теориялык сынак

Теориялык сынак тапшыруу үчүн автоматташтырылган маалыматтык тутумдагы сынактык тапшырмалар аралаш 20 суроодон турат. Теориялык сынак тапшыруу үчүн убакыт 25 мүнөт.

экзаменден өттүэкзаменден өткөн жок
18 жана андан ашык суроосуна жооп берген3-төн ашык каталар

Теориялык сынакта алынган баа үч айга чейин жарактуу болуп саналат.


Эгерде экзаменден өткөн жок болсо

Теориялык сынакты тапшыра албаган талапкер практикалык сынакка киргизилбейт. Теориялык же практикалык сынакты кайрадан тапшыруу мурдагы сынак өткөрүлгөн күндөн тартып 10 күндөн эрте эмес дайындалат. 

Маанилүү!

Тапшырылган сынактардын жыйынтыгы терс болгондо, квалификациялык сынактарды тапшыруу аракеттеринин саны чектелбейт.


Смотреть НПА: Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүэрежелери



Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign