Мас айдоочу

Мас айдоочу
Автор: Байказы Айтикул уулу    icon 2504

ЖКККББ: Ушул жылдын 8-мартынан тартып, мас абалында унаа башкарган айдоочулар бир жылдан үч жылга чейин, унаа башкаруу укугунан ажыратылат.


Буга чейин, Укук бузуулар кодексинин 193-беренесинде көрсөтүлгөндөй, мас абалында унаа башкарган айдоочуларга 17 500 сом өлчөмүндө айып салынып, же коомдук жумуштарга тартылып келсе, мындан ары мас абалында унаа башкарган айдоочулар унаа башкаруу укугунан бир жылдык мөөнөткө ажыратылат.


Ал эми унаа башкарууга таптакыр укугу жок жарандардын мас абалында унаа башкаруусуна буга чейинки жоопкерчилик 15 000 миң өлчөмүндө айып салынып келсе, мындан ары үч суткага камакка алынат.



Эгерде мас айдоочу өзүнүн спирт ичимдигин ичкендигин текшерүүдөн өтүүдөн баш тарткан учурда, буга чейин 17 500 сом айып салынып келсе, мындан ары айдоочу үч суткага жана айдоого укугу жок айдоочу 5 суткага камакка алууга алып келет. Ошондой эле спирт ичимдиги ичкендиги аныкталган учурда, бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат.


Буга чейин, айдоочу мас абалында жол кырсыгына кабылып, башка адамдардын ден-соолугуна этиятсыздыктан залал келтирип, бирок аракетинде кылмыштын курамы жок болгон учурда, 20 000 сом айып салуу же беш суткага чейин, камакка алуу болсо, мындан ары айдоого укугу жок айдоочу жети суткага камакка алууга, ал эми айдоочу бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат. 


Эгерде айдоочу жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин, кайрадан кайталанып, мас абалында транспорт каражатын башкарган жана мас абалында жол кырсыгына кабылган учурда, авто унаасын убактылуу алып кою менен үч жылдык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратылат.


ЖКККБнын басма сөз кызматы

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign