2020 жылы Кыргызстанадагы айланма кыймыл

Кыргызстандагы 2020 жылы айланма кыймылдуу кесилиштерден өтүү эрежелери.

2020 жылы Кыргызстанадагы айланма кыймыл
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Болот А    icon 847

Айланмага кирүү

Айланма кыймылдуу кесилишине каалаган тилкеден кирүүгө болот.

КР ЖКЭ 8.5. пункту. Оңго, солго бурулуунун же артка кайрылуунун алдында айдоочу 2.4 же 2.5 белгилери менен айкалышкан 4.3 белгиси орнотулган айланма кыймылы уюштурулган кесилишке чыгууда бурулган учурдан тышкары, ушул багыт боюнча жүрүү үчүн арналган жүрүүчү бөлүктөгү тиешелүү четки абалды алдын ала ээлөөгө милдеттүү - транспорт каражатынын айдоочусу ушул кесилиш боюнча жүрүп бараткан транспорт каражаттарына жол берүүгө милдеттүү.

Демек, эгерде сиз «Айлампа кыймыл» белгисин көрүп турган болсоңуз, анда жолдун оң жак четине которулууга кажети жок, себеби эрежелер каалаган тилкеден бурулуга уруксат берет.

Маанилүү: айланмага кирүүдө кандай белгилер тургузулганын дыкат менен караңыз!


Эгерде айланмадан алдын 4.3 жана 2.4 белгиси турган болсо, анда сиз айланманын ичинде бара жаткан автоунааларга жол беришиңиз керек. Башкы жол аларда. Мындай учурларда адатынча айланманын ичнде 2.1 «Негизги жол» белгиси тургузулган болот.

Эгерде айланмага чейин бир гана 4.3 «Айлампа кыймыл» белгиси эле турган болсо, анда башкы жол сиздики. Айланманын ичиндегилер сизге жол бериши керек. Бул учурда оң жакты коё берүү эрежеси иштейт.

Айланмадан чыгуу

Айланма кыймылдуу кесилишинен чыгууда, четки оң жак тилкеге которулуу керек.

КР ЖКЭ 8.5. пункту Оңго, солго бурулуунун же артка кайрылуунун алдында айдоочу 2.4 же 2.5 белгилери менен айкалышкан 4.3 белгиси орнотулган айланма кыймылы уюштурулган кесилишке чыгууда бурулган учурдан тышкары, ушул багыт боюнча жүрүү үчүн арналган жүрүүчү бөлүктөгү тиешелүү четки абалды алдын ала ээлөөгө милдеттүү…

Тилкени которууда сиз төмөнкүлөрдү колдонушуңуз керек:

1. Бурлуу сигналын берүү.

КР ЖКЭ 8.1. пункту Кыймылды баштоо, башка катарга өтүү, бурулуу (артка кайрылуу) жана токтоо алдында айдоочу тиешелүү багытка бурулуунун жарык берүүчү көрсөткүчтөрүнүн сигналын берүүгө, ал эми ал жокто же бузук болсо - кол менен билдирет. Мында маневр коопсуз болууга жана кыймылдын башка катышуучуларына тоскоолдук түзбөөгө тийиш.

2. Сиз которулмакчы болгон тилкеде бара жаткан автоунааларды өткөрүп жиберүү.

3. Сиз бара жаткан тилкеге которулмакчы болгон автоунааларга жол берүү.

КР ЖКЭ 8.4. пункту Башка тилкеге өтүү учурунда айдоочу жанындагы тилкеде жогорку ылдамдыкта удаа багытта бараткан транспорт каражаттарына жол берүүгө тийиш. Удаалаш багытта келаткан транспорт каражаттары бир эле маалда башка тилкеге өткөн учурда айдоочу оң жактагы транспорт каражатына жол берүүгө тийиш.

4. Сиз тийиштүү жолго чыгып жатканыңызда автоунааңыз жолдун четки оң жүрүүчү бөлүгүндө болуп калуусу керек.

Тыянак: Айлампа кыймылга кирүүнүн жана чыгуунун эрежелерин жөнгө салган пункттарды чаташтырбоо керек. Айырмасы: кирүүнү каалаган тилкеден жүзөгө ашыруу мүмкүн болсо (8.5. пункту), чыгууну четки оң тилкеден гана ишке ашырса болот.


Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign