Жол белгиси же жол бетиндеги чийиндиндерби?

Жол белгиси же жол бетиндеги чийиндиндерби?
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Доброволец    icon 1316

Жагдай: 5.15.2 жол белгиси сизге экинчи катардан буруулуга уруксат берип жатат ал эми 1.8 жол чийиндин сызыгы сизди жолуңарды түз багытка гана жүрүү керектигин көрсөтүп турат. 

Суроо: Экинчи катардан сол жакка бурулса болобу?

Көбүбүз унаа айдоо мектептен айдоочулар жетекчиликке алыш керек болгон төрт нерсе бар экенин билгенбиз: 

  • Жөнгө салуучу ( Регулировщик)
  • Белгишам(светофор)
  • Жол белги
  • Жол бетиндеги чийин

Бул кесилиште эрежени бузууну каттоо камерасы орногонун эске алганда жогорудагы айтылгандар жетишсиз болуп калат. ЖКЭдин кайсы пункттары жардам бере алат?

КР ЖКЭ 2 тиркемесинде : Көчмө биригүүсүндө жайгаштырылган убактылуу жол белгилеринин мааниси жана чийин сызыктарынын маанилери бирине бири каршы келип турган кезде, айдоочулар белгилерди жетекчиликке алышы керек.

Көңүл бурсак тиркемеде убактылуу көчмө белгилердин жолдун чийин сызыктын мааниси бири бирине каршы тууралуу кеп болуп жатат. Бирок биздин жолдо туруктуу жол белгилер колдонулат. Туруктуу жол белгилер тууралуу эмне дешке болот? Алар убактылуу жол белгилерден жана жол чийин сызыкка караганда кандайдыр бир артыкчылыкка ээ болобу? Бул тууралу КР ЖКЭнде бул суроого так жооп жок. 

Тиркемедеги „айдоочулар белгилерди жетекчиликке алышы керек” деген акыркы сөздөрдү эске алсак болот. Бирок кайсы белгилерди жетекчиликке алыш керек? Ушундай карама каршылык болгондо 2 Тиркемеде айтылгандай белгилерди жетекчиликке алуу керек делет. 

РФ ЖКЭнде 2 Тиркемесинде ушуга байланыштуу кенен түшүндүрмө бар: Көчмө биригүүсүндө жайгаштырылган убактылуу жол белгилеринин мааниси жана чийин сызыктарынын маанилери бирине бири каршы келип турган кезде, же болсо чийин сызыктары жакшы көрүнбөсө же байкалбаса айдоочулар белгилерди жетекчиликке алышы керек.

Бул аныктама суроону чечти: жол бетиндеги чийиндерге караганда артыкчылыкка ээ. 

Жыйынтык: жол белгилер жол чийин сызыкка караганда артыкчылыкка ээ болушу керек.

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign