«КӨҢҮЛ БУРГУЛА МЕКТЕП / БАЛДАР» көк же сары өңдүү көрнөк белгилери

Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Болот А    icon 949

Бул белгилер айдоочулар үчүн эмнени билдирет? Мыйзамдыбы же жөн эле эскертүүнүбү? 

Келгиле карап чыгалы.

Жеке долбоордоо жол белгилери

32945-2014 МАСТ ылайык мындай көрнөк белгилер жеке долбоордоо белгилери деп аталат.

32945-2014 МАСТ 3.3 пункту. Жол белгиси (белги): Жол кыймылынын катышуучуларына жол шарттары жана кыймылдын тартиптери жөнүндө, калктуу конуштардын жана башка объекттердин турган жайын маалымдоочу, белгилөөсү бар жана/же жазуусу бар кыймылды уюштуруучу техникалык каражат. 
3.4 Жеке долбоордоо жол белгиси: түшүрүлүп жаткан маалыматты компоновкалоодо, ага ылайык эсептик-графикалык ыкма менен аныкталуучу жол белгисинин бир түрү.

Жеке долбоордоо белгилери, тыюу салуучу белгилердин катарына кирбейт.


Мында биз, жөн эле темир тактайга тыюу салуучу белгинин түшүрүлгөн сүрөтүн гана көрүп турабыз. Белгинин өзүнө жана түшүрүлгөн сүрөткө көңүл буруңуз. Анын юридикалык күчү жок. Тыюу салуучу белгилердин сүрөтүн, биз жарнак баннерлерде да жана чоң жүк ташуучу автоунаалардын арткы бөлүгүндө да учурата алабыз.

Демек, мындай көрнөк белгилерден кийин, 3.24 "Максималдуу ылдамдыкка чек коюу" белгиси өз алдынча орнотулбаган болсо, айдоочу саатына 60 чакырым менен кете берсе болот.

Мен, айдоочуларды мындай белгилерди тоготпой коюуга чакыруудан алысмын. Эгерде айдоочу мектеп же жаш балдар бар жайдан өтүп жатса, белги барбы же жокбу ага карабай, ылдамдыкты азайтып, андай аймакты өтө этияттык менен өтүп кетүү туура болот. Андай жайларда жаш балдардын каны суюк жана коркпос болушун баарыбыз билебиз.

Бул макалада мен, мындай белгилердин юридикалык жагын көрсөтүүнү кааладым. Тагыраак айтканда, бул белгинин негизинде гана эреже бузуу жөнүндө протокол жазып берүүгө, инспектордун укугу жок. Көпчүлүк учурда, мындай эскертүүчү көрнөктөргө кошо, айдоочуларга милдеттүү болгон тыюу салуучу жол белгилери да орнотулат.


Ошондуктан, КӨҢҮЛ БУРГУЛА БАЛДАР деген жазуусу бар жеке долбоорлоо белгилеринин юридикалык күчү жок болсо дагы, моралдык күчү бар. Мындай көрнөктөрдүн орнотулушу сулуулук үчүн эмес, алар айдоочуну ошол жол бөлүгүндө дыкат болуусуна үгүттөйт.


Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign