МАИ кызматкердин транспорттук каражатты үчүн төлөнгөн салыкты текшерүүгө талап кылганы мыйзамдуубу?

МАИ кызматкердин транспорттук каражатты үчүн төлөнгөн салыкты текшерүүгө талап кылганы мыйзамдуубу?
Автор: JOLDO.kg    Котормочу: Доброволец    icon 603

  7 октябрда 2019 жылы КР ЖКЭне айрым өзгөрүүлөр кошулду. Алсак МАИ кызматкери же башка ыйгарым укуктуу жол көзөмөлдөө кызматынын инспектору, текшерүү үчүн талап кылган учурда, шопур текшерүүгө кайсы документтерди көрсөтпөй эле койсо болору айтылат.

Кошулган өзгөрүүлөрдүн максаты жол көзөмөлдөө кызматчынын милдетине кирбеген иштерин чектөө. Бул иш чара жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча реформа алкагында өттү. 

Жаңы кошулган өзгөрүүлөрдөн МАИ кызматкердин кайсы документтерди текшерүүгө анын кызмат милдетине кирбей турганын билсек болот. Алар:

  • Ушул транспорт каражатына IV топтогу мүлк үчүн салыкты төлөгөндүгүн ырастаган, же аны төлөөдөн бошотулгандыгын күбөлөндүргөн документти;
  • Ушул транспорт каражатында жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча ишкердикти ишке ашыруу учурунда - жеке ишкер катары мамлекеттик каттоосу жүнүндө күбөлүктү же ыктыярдуу патентти же болбосо алардын нотариалдык күбөлөндүргөн көчүрмөлөрүн.
  • Колдонулуп жаткан мыйзамдарда түз каралган учурларда лицензиялык карточкаларды, жолдомо барагын жана товар - транспорттук документтерди алып жүрүүгө жана текшерүү үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Республикалык башкы инспекциянын кызматкерлерине берүүгө.

Бирок төмөнкүлөрдү текшерүүгө талап кылганы мыйзамдуу. Ошондон улам төмөнкү документтерди текшерүү үчүн талап кылса шопур көрсөтүүгө тийиш. 

 КР ЖКЭнде 2.1.1 мындай делет:

Транспорт каражатын токтотууга жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин талабы боюнча аларга текшерүү үчүн төмөнкүлөрдү берүүгө:
  • айдоочулук күбөлүктү;
  • транспорт каражатынын каттоо документтерин; 
  • мыйзамдарда белгиленген учурларда жолдомо барагын жана ташып бараткан жүккө документтерди; 
  • дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, чет мамлекеттердин консулдук мекемелеринин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жана аларга теңдештирилген Кыргыз Республикасында аккредитацияланган өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жол кыймылынын эрежелерин бузган учурда тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген аккредитациялык карточканы.

Колдонуудагы мыйзамдарда түздөн-түз каралган учурларда жүргүнчүлөрдү жана жүктү ташуу эрежелерине ылайык лицензияны жана документтерди алып жүрүүгө жана автомобиль транспортунда ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерине текшерүү үчүн берүүгө.

Обсуждение

Для того что бы оставлять комментарии, вам неоходимо авторизоваться на нашем сайте...

Войти

Сунуштарыбыз

Joldo.kg © 2023.
Бардык укуктар корголгон

Разработка сайта PxDesign